• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Түркмөнстанда 122 жылдык көпүрө бузулат

6 Чын куран 2023 15:13 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстандын бийлиги Амударыя аркылуу өткөн тарыхый темир жол көпүрөсүн бузууну чечти. Өз булактар 1200 метрлик көпүрөнү демонтаждоодон чыккан металл жергиликтүү базарда сатылышы мүмкүн экенин билдиришти.

Өз булактардын айтымында, Лебап облусундагы 1898-1901-жылдары салынган көпүрө бузулат. Темир жол көпүрөсү 2014-жылдан бери пайдаланылбай калган.

2017-жылы Лебап облусунда Амударыя аркылуу өтө турган жаңы темир жол көпүрөсү пайдаланууга берилген. Түркмөнабад – Фараб көпүрөсүн украиналык «Альтком» компаниясы курган. Анын ачылышына ал кездеги президент Гурбангулы Бердымухамедов менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышкан.

2009-жылы Амударыя аркылуу Креки – Керкичи автоунаа көпүрөсү, 2013-жылы Креки – Керкичи темир жол көпүрөсү курулган.

Бул арада Түркмөнстандын курулуш базарында темир буюмдар жетишсиз болуп жатканы кабарланууда. Өз булактар темирди импорттоодогу оор кырдаалга байланыштуу жергиликтүү ишканалар эски объектилерди бузуу учурунда чыккан металлдарды кайра иштетип жатканын айтууда.

XIX кылымдын аягында Орусиянын падышачыл аскерлери Борбор Азияны басып алып, Амударыя аркылуу азыркы Түркмөнстандын аймагында темир жол көпүрөсүн курган. Курулушка 3 минден ашуун киши катышкан. Кезинде ал орус империясынын аймагындагы эң узун, дүйнө жүзүндө узундугу боюнча үчүнчү орунда турган көпүрө болгон.

Количество просмотров: 276