• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Түркмөнстанда бюджеттик кызматкерлерден таза түркмөн тилинде сүйлөө талап кылынууда

6 Бештин айы 2021 17:32 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстандын Лебап облусунда мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерден өз ара сүйлөшүүдө башка тилдердеги сөздөрдү кошпостон, таза түркмөн тилинде сүйлөө талап кылынууда.

Фарап районундагы аты-жөнүн билдиргиси келбеген мугалимдердин биринин айтымында, бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерге мындай талап өткөн жумада айтылган.

«Кайрадан тилге байланыштуу жаңы талаптарды киргизишти. Ага ылайык, эми бюджетте иштегендер жумуш учурунда өз ара сүйлөшүүдө таза түркмөн тилинде сүйлөшү керек болот. Мисалы, бизге орус, өзбек же түрк сөздөрүн кошуп сүйлөө үчүн чоң айып пул салынарын эскертишти», — деди мугалим.

Лебап облусунун Фарап жана Дашөгүз сыяктуу бир катар райондорунда өзбек улутундагылар көп жашайт. Алар өз ара сүйлөшүүдө көбүнчө эне тилин колдонушат. Түркмөн тилинин жергиликтүү диалектисинде да өзбек тилинен алынган сөздөр көп кездешет.

Мындан тышкары өлкө жарандары сүйлөшүүдө орус тилинен кирген сөздөрдү да көп колдонушат. Акыркы кездери калк арасында түрк тилинин да популярдуулугу арта баштаган.

Өткөн айда «Азаттыктын» түркмөн кызматы бала бакчаларда орус тилиндеги мультфильмдерди көрсөтүүгө тыюу салынганын кабарлаган.

Количество просмотров: 302