Түркмөнстандын бийлиги чет өлкөгө чыгууну каалаган жарандар үчүн кошумча талаптарды киргизди. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.
Жаңы талаптарга ылайык, эми чет өлкөлөрдүн визасын алган жарандар Улуттук коопсуздук министрлигинде (УКМ) атайын маектешүүдөн өтүп, психологиялык тест тапшырышат. Мындан тышкары алар атайын анкеталарды толтуруп, виза мөөнөтү аяктаганга чейин кайра Түркмөнстанга кайтып келери жөнүндө кепилдик катын жазып бериши керек болот.
Түркмөнбашы шаарынын тургундары билдиргендей, чет өлкөгө барууну каалаган жарандар алгач Миграция кызматынын жергиликтүү бөлүмдөрүнө барып, визасын каттатышы керек.
«Ал жерден кайсы күнү жергиликтүү акимчиликке жана Улуттук коопсуздук министрлигине суракка барышың керектигин айтышат. Биздин чет өлкөгө чыгуубузга уруксат берүү-бербөө маселесин УКМдин жергиликтүү кызматкери чечет экен», – деди аты-жөнүн айткысы келбеген шаар тургундарынын бири.
«УКМдин кызматкери өткөргөн жергиликтүү акимчиликтеги жыйында эки анкета толтурушубуз керектигин айтышты. Андагы суроолор түшүнүксүз экен. Кыздар менен аялдардан «Алтын жасалгаларды жакшы көрөсүңөрбү?», «Чет өлкөлүк адамга турмушка чыкмак белеңиз?», «Маңзатка мамилеңиз кандай?», «Кандай мессенджерлерди колдоносуз?» деп сурап жатышат. Жалпысынан бул сыяктуу 60 суроого жооп берип чыктык», – деди шаардын дагы бир тургуну.
Анын айтымында, анкета толтургандан кийин жарандардын жакындарынын арасында соттолгондор бар-жоктугун текшерип, алардан виза мөөнөтү аяктаганга чейин кайра өлкөгө кайта тургандыгы жөнүндө кепилдик кат жаздырып алышууда. УКМ кызматкерлери өз учурунда мекенине кайтып келбегендерге кылмыш иштери козголо турганын эскертип жатышат.
«Азаттыктын» түркмөн кызматы бул жаңы эрежелер боюнча өлкөнүн миграциялык органдарынан комментарий ала алган эмес. Бирок Миграция кызматынын Балкан облустук бөлүмүндө иштеген кызматкерлердин бири радионун кабарчылары менен анонимдүү түрдө сүйлөшүүгө макул болуп, талаптардын күчөтүлүшү чет өлкөгө кеткен түркмөнстандыктардын көбү кайра кайтып келбей жатканына байланыштуу экенин айтты.
Түркмөнстандагы социалдык-экономикалык кыйынчылыктар жарандарды чет өлкөлөргө миграцияга кетүүгө арасыз кылууда. Расмий маалыматтар боюнча 200 миңден ашык түрмөн жараны жүргөн Түркия виза режимин киргизгенден кийин башка өлкөлөргө кеткен түркмөнстандыктардын саны кыйла көбөйдү.
2023-жылдын жети айында Өзбекстанга 40 миңге жакын түркмөн жараны кирген. Өзбек президентине караштуу Статистика агенттигинин маалыматына караганда, өлкөгө келген чет өлкөлүктөрдүн саны боюнча түркмөнстандыктар алтынчы орунда турат.