• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Түркмөнстанда элди пахта теримге мажбурлоо уланууда

13 Аяк оона 2023 15:50 Бишкек Govori.TV

Түркмөн бийлиги калкты пахта терүүгө мажбурлоо чараларын болуп көрбөгөндөй катаалдатты.

Мары облусунда жол эрежесин бузгандар, аракечтер жана таштанды аралаган кайырчылар пахта терүүгө мажбурланууда.

Балкан облусунда жергиликтүү бийлик калкты пахта терүүгө мажбурлоо үчүн укмуштуудай чараларды көрүп жатышат. Бир катар аймактарда үйлөнүү үлпөтүн жана башка үй-бүлөлүк майрамдарды өткөрүүгө тыюу салынып, ресторан, кафелер да жабылды.

Пахта терим аяктаганга чейин жергиликтүү базарлар ачылбайт. Трактор жана кичи автобустардын ээлерин бюджеттик кызматкерлерди талаага ташууга мажбурлашууда.

Бийлик эгемендик күнүнө чейин пахта планын кеминде 6 пайызга аткарууну талап кылууда. Жергиликтүү тургундар бийликтин аракеттерин сталиндик репрессиялар менен салыштырууда.

Бюджеттик кызматкерлер талаа иштери үчүн өз эсебинен башка кишилерди жалдоого аргасыз болууда. Пахта теримге мектеп окуучулары да катышууда.

Cotton Campaign өңдүү эл аралык укук коргоо уюмдары Түркмөнстанда пахта өндүрүүдө мажбурланган эмгек колдонуларын сындап келет. Бирок түркмөн бийлиги ага жооп кайтарган эмес жана мамлекеттик маалымат каражаттарында бул маселе чагылдырылбайт.

Быйыл Түркмөнстан 580 миң гектар аянттан 1 миллион 250 миң тонна пахта жыйнап алууну пландаштырууда.

Количество просмотров: 100