КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркмөнстан Республикасына расмий сапар менен барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.
Төрага Нурланбек Шакиев Борбор Азия мамлекеттеринин жана Корея Республикасынын парламенттеринин жетекчилеринин II жолугушуусуна катышат. Эскерте кетсек, 5+1 форматында уюштурулган мындай форум былтыр биринчи жолу Корея Республикасында өткөн.
Ашхабаддагы кезектеги жолугушуу расмий сапар менен уланып, төрага бир катар жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда кыргыз-түркмөн кызматташтыгын өнүктүрүүгө байланышкан маселелер талкууланып, парламенттер аралык алакаларды арттыруу жаатындагы сунуш-пикирлер да каралары күтүлүүдө.
Төрага баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Данияр Толонов, Жанарбек Акаев, Русланбек Жакышов жана Жалолидин Нурбаев бар.