• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түркмөнстандын президенти Өзбекстанга барат

14 Теке 2022 9:10 Бишкек Govori.TV

14-15-июлда Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедов мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат. Ал Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугуп, Самаркандды кыдырат.

Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүү учурунда өзбек-түркмөн мамилелерин өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери талкууланат.

Негизги көңүл соода көлөмүн көбөйтүүгө, өндүрүш кооперациясын жөнгө салууга, транзиттик дараметти арттырууга, суу чарба тармагындагы маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга бурулат.

Мамлекет башчылар эл аралык көйгөйлөр боюнча да пикир алышып, аймактык кызматташуунун багыттарын талкуулашат.

Количество просмотров: 64