• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

ТүркПАнын баш катчылыгына Мамаюсупов шайланды

8 Бештин айы 2017 19:22 Бишкек Govori.TV

Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблясынын баш катчылыгына Кыргызстан сунуш кылган Алтынбек Мамаюсупов шайланды. Мындай чечимди уюмдун Бишкекте өткөн жыйынында парламент төрагалары кабыл алышты. Мамаюсупов буга чейин ТүркПАда Кыргызстандын өкүлү болуп иштеп келген.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Мамаюсуповдун ишин канааттандырарлык эмес деп тапканын жазып чыгышкан.

Бирок комитеттин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев мындай маалыматты четке кагып, комитет Мамаюсуповду ТүркПАнын баш катчылыгына сунуш кылганын билдирди.

Количество просмотров: 6