• Бейшемби 11 Кулжа 2026
  • Четверг 11 Июнь 2026

Түркстан облусунда 11 адам сууга чөгүп каза болду

22 Баш оона 202313:46 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Түркстан облусунун Атырау районунда Сырдарыяга 11 адам чөгүп каза болду. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы жазды.

Маалыматка караганда, кырсык 21-августта болгон. Сууга чөгүп кеткендердин ичинен бешөө балдар.

«Сегиз адамдын сөөгү табылганы жана дагы үч кишинин сөөгүн издөө иштери уланып жатат»,-деп жазылат маалыматта.

Жергиликтүү бийлик өкүдөрү окуя автоунаалар өткөн көпүрөгө жакын жерде болгонун, ал аймакта сууга түшүүгө болбой турганын билдирди. Куткаруучулардын маалыматына караганда, Сырдарыянын жээгинде төрт үй-бүлө, жалпысынан 20 адам эс алып жүргөн.

Количество просмотров: 140