• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Иранда жардыруудан каза тапкандар 100дөн ашты

4 Үчтүн айы 2024 11:35 Бишкек Govori.TV

Ирандагы таасирдүү генерал Касем Сулейманинин киши колдуу болушунун төрт жылдыгы белгиленип жаткан маалда көрүстөндө болгон кош жардыруудан набыт болгондордун саны жүздөн ашты. Бул тууралуу өлкөнүн чукул кырдаал кызматынын өкүлү Бабак Ектапараска таянып, 3-январда мамлекеттик телеканал кабарлады. Жеринде тартылган видеолордо жардыруулардын ортосу 15 мүнөттү түзгөнүн көрүүгө болот.

“Мизан” маалымат агенттиги жардыруулар 3-январда Керман шаарында, Сулейманинин көрүстөнүнө жакын жерде болгонун жазды. Ал жакта таасирдүү генералды эскерүү үчүн жүздөгөн киши топтолгон эле. Иран бийлиги жардыруулардын себебин аныктоо боюнча иликтөө иштери башталганын, эң башкы версия катары «теракт» каралып жатканын билдирди.

2020-жылы Сулейманини акыркы сапарга узатуу зыйнатына миңдеген киши катышып, 56 киши тебелендиде калып көз жумган. 200дөн ашууну жараат алган.

Количество просмотров: 185