Баткендеги чек арада каза болгон Жалал-Абад облусунун төрт аскер кызматкери жерге берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлү кабарлады.
Маалыматка ылайык, чек ара кагылышуусунда Жалал-Абад облусунун жалпы беш аскер кызматкери курман болду. Алар Сузак районунун эки, Ноокен районунун эки, Ала-Бука районунун бир жараны болгон.
Бүгүн, 18-сентябрда алынып келинген төрт аскер кызматкеринин сөөгү өзү туулуп-өскөн айылдарында жерге берилди.
Акыркы сапарга узатуу зыйнатына президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышып, жакындарына көңүл айтты.