• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

«Түрмөдө орун жок». Молдокматов кайрылуу жасады

27 Бештин айы 2022 11:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту 27-декабрда Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын бөгөт чарасын кароону улантууда.

Сот залына саясатчы Жеңиш Молдокматов бийликке кайрылуу жолдоду.

Белгилей кетсек саясатчы Жеңиш Молдакматовдун бөгөт чарасы каралып, аны сот камакта калтырды.

Эске салсак, 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. Камалгандардын көбү 13-декабрдан бери каршылык көрсөтүп ачкачылык кармап жатат.

Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон. Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып жатат.

Ички иштер министрлиги камактагы бул адамдар Жазык кодексинин «Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык» беренесинин негизинде кармалганын билдирген.

Количество просмотров: 160