• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Түркмөнстанда эми секс жана жаман адаттарды телеканалдар көрсөтпөйт

17 Үчтүн айы 2018 12:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.01.2018. Govori.TV.

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов фильмдерде жана телекөрсөтүүлөрдө секс, зомбулук жана жаман адаттарды көрсөтүүгө тыюу салган мыйзамга кол койду, деп «Настоящее время» каналы кабарлайт.

“Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндөгү” мыйзам мындан тышкары өлкөнүн “жакшы образын” жаратууга чакырат. Түркмөн бийлиги документ улуттук кызыкчылыктарды коргоого багытталганын белгилөөдө.

Түркмөнстанда жергиликтүү ММКлардын баары, өзгөчө телеканалдар мамлекеттин катуу көзөмөлүндө. Кабелдик каналдар дагы цензура алдында жана фильмдердин адепсиз деп эсептелген бөлүктөрү көрсөтүлбөйт. Өлкө спутник телекөрсөтүүлөрүнө дагы тыюу салган. Түркмөнстандын алыскы аймактарында гана бирин-серин параболистикалык антенналарды кездештирүүгө болот.

Кино жана сериалдардын ордуна түркмөн телеканалдарында президенттин китептерин окушат.

https://www.youtube.com/watch?v=3W77F_m3g78

Мыйзамда жаман адаттарга эмнелер кирери жана аны ким аныктары дагы так көрсөтүлгөн эмес.

Количество просмотров: 73