• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Төрт адам бир үйгө ууруга кирип каршылык көрсөткөн жаш баланы бычактап кетишти

30 Жетинин айы 2019 21:38 Бишкек Govori.TV

29-ноябрда, милицияга Ала-Арча айылында адам өмүрүнө кол салуу фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Жерине барган укук коргоочулар кечки саат 20.30дар чамасында 46 жаштагы жергиликтүү тургундун үйүнө 25-30 жаштар чамасындагы бейтааныш төрт киши кирип кол салганын аныкташкан. 

Медициналык бет кап кийген кишилер үй ээлери каршылык көрсөткөндүктөн 19 жаштагы О.Э. аттуу уулуна бычак сайып кетишкен. Натыйжада жабырлануучу ооруканадан жан берген. Ал эми кылмышкерлер качып кеткен.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («Адам өлтүрүү») боюнча каттоого алынган.

Ыкчам тергөө иш-аракеттеринин негизинде бүгүн, 30-ноябрда, кылмышка шектелип 19 жаштагы Б.С., 21 жаштагы Р.Б. менен М.Ж. жана 18 жаштагы Ч.Ш. аттуу балдар колго түшкөн.

Учурда кармалгандар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоо жайына киргизилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Количество просмотров: 784