• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Төрт айда өрт кесепетинен 21 киши каза болгон

2 Тогуздун айы 202414:33 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын төрт айында Кыргызстанда өрт кырсыгынан 21 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов парламент жыйынында билдирди.

Статистика боюнча 2022-жылы 3137 өрт кырсыгы катталып, 29 адам каза болгон. 2023-жылы 1498 өрт кырсыгы катталып, 35 адам каза болгон.

Өз кезегинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысынын орун басары депутаттарга «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун сунуштады. Анда өрттөн куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын өз милдеттерин натыйжалуу аткарууга даярдыгын жогорулатуу каралган. Мыйзам долбоорунун максаты — өрт өчүрүүчүлөрдүн аскердик-прикладдык дене тарбия даярдыгы боюнча иш-чараларды уюштуруунун укуктук негиздерин мыйзамдарда белгилөө.

Ошол эле учурда ӨКМдин өрттөн куткаруу бөлүмдөрүндө жарандык персонал менен алмаштырылган штаттык бирдиктер бар экенин белгилейт. Мындай персоналга карата талаптар дене тарбия даярдыгын камтыбайт, ошондуктан жарандык кызматкерлер аскер кызматчылары менен бирдей негизде машыктырылбайт.

Депутаттар бул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Количество просмотров: 168