• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Төрт журналист тергөө абагында калтырылды

4 Аяк оона 202411:07 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-сентябрда Бишкек шаардык сотунда 11 журналисттин иши боюнча соттук отурум болуп өттү.

Соттук отурумда Ленин райондук сотунун чечимине каршы доо арыз каралды. Иштин жүрүшүндө Махабат Тажибек кызы тергөө абагында отурган Ак-Тилек Капаровду, Азамат Ишенбековду жана Айке Бейшекееваны бошотууну суранды.

Бишкек шаардык соту Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырып, төрт журналисттин бөгөт чарасы өзгөртүлгөн жок.

Эске салсак, быйылкы жылдын 16-январында 11 журналистке карата кылмыш иши козголгон. Азыркы тапта жети журналист үй камагында. Журналисттер өздөрүнө коюлган айыптар менен макул эместигин билдирип жатышат.

Ошондой эле бир катар эл аралык уюмдар журналисттерге коюлган айыптарды алып салууга чакырып келишет.

Количество просмотров: 88