• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

«Түштүк-2» микрорайону мыйзамсыз объекттерден бошотулду

8 Баш оона 202217:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы «Тазалык» ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте “Түштүк-2” кичи районун уруксат берилбеген объектилерден бошотууну улантууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Аянты 16 чарчы метр болгон павильон, химиялык тазалоо жүргүзүүчү павильон алынып, муниципалдык аймактын 14 чарчы метр аянты бошотулду. Жашылча-жемиш сатуучу павильон мыйзамсыз ордун таштап, 20 чарчы метр аянт шаардыктарга кайтарылды.

Ошондой эле металл гараж демонтаждалып, Панфилов көчөсүндөгү 15 чарчы метр аянт бошотулган.

Количество просмотров: 153