Түштүк Кореянын күтүүсүз аскердик абал жарыялаганы үчүн убактылуу кызматтан четтетилген президенти Юн Сок Ёл бүгүн, ишемби күнү тергөө абагынан чыкты. Бул тууралуу «Рёнхап» агенттиги кабарлады.
Мунун алдында Сеулдун соту айыптоо мөөнөтүн жана тергөө процессинин “мыйзамдуулугуна байланыштуу маселелерге” негиз кылып Юндун камакка алуу чечимин жокко чыгаруу өтүнүчүн канаттандырган. Прокурорлор бул чечимге каршы даттанган жок.
Түштүк Кореяда сот 19-январда Юн Сок Ёлду камоого расмий ордер берген. Ишти Сеул округдук соту караган.