• Жекшемби 21 Кулжа 2026
  • Воскресенье 21 Июнь 2026

Түштүк Кореяда кыргыз кызы жергиликтүү кеңештин депутаты болду

2 Кулжа 202213:43 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова 1-июнда ал өлкөдө жергиликтүү органдарынын, облустук жана шаардык депутаттарынын шайлоосу өткөнүн айтып, анда кыргыз кызы Айсулуу Аширалиева Сеул шаарынын кеңешинин депутаты болуп шайланганын маалымдады. Элчи бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Жалпысынан Түштүк Кореяда беш миңдей кыргызстандык бар экени айтылат.

Количество просмотров: 71