• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түштүк Кореяда мейманканадан өрт чыгып, жети адам каза болду

24 Баш оона 202420:08 Бишкек Govori.TV

Түштүк Кореянын Пучхон шаарында мейманканалардын биринде өрт чыгып, мейманкананын коноктору терезеден секирүүгө аргасыз болушкан.

Independent басылмасы билдиргендей, өрт 22-августта кечки саат сегизде башталган. Өрт учурунда мейманканада кеминде 20 конок болгон. Коюу түтүндөн улам алардын баары имараттан чыга албай калган.

Окуя болгон жерге келген өрт өчүрүүчүлөр терезелердин астына үйлөтмө матрастарды орнотуп, мейманканадагы конокторду аман алып калууга болгон аракеттерин жасаган. Тилекке каршы, үйлөтмө матрастарды орнотконуна карабастан, терезеден секирген эки адам каза болгон. Өрт өчүрүү кызматынын башчысынын айтымында, секирген адамдардын бири матрастын четине түшүп, анын оодарылып кетишине себеп болгон. Анын артынан секирген адам да как жерге түшүп калып каза болгон.

Дагы беш адам мейманкананын коридорлорунда жана тепкичтеринен түтүнгө ууланып каза болушкан.

Тирүү калган мейманкананын коноктору шаардык ооруканаларына жеткирилген. Алдын ала айтылган маалымат боюнча өрт 8-кабатта электр зымдардан чыккан.

Количество просмотров: 153