• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түштүк Кореядагы элчи Аида Исмаилова ишине ким тоскоолдук кылып жатканын айтты

2 Тогуздун айы 202411:29 Бишкек Govori.TV


Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаковдун сынына жооп берди.

Самаков Аида Исмаилованын ишин сындап, комиссия түзүп, анын ишмердүүлүгүнө баа берүүнү сунуштаган.

Аида Исмаилова муну кара пиар деп атады. Ал белгилегендей, “Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин колдоосу менен жаңы, сапаттуу деңгээлге чыгып жатат».

«Элчиликтин жардамы менен кореялык компаниялар өз ишмердүүлүгүн Кыргызстанда түздөн-түз тиешелүү мамлекеттик органдар менен жүргүзүп, ийгиликтүү ишке ашырууга жетишүүдө. Кээ бир адамдардын тобу ишке чоң тоскоолдук жаратышууда, анын катарында азыр чет элдик жаран саналган, Түштүк Корея Республикасындагы Кыргыз Республикасынын мурдагы ардактуу консулу да бар. Белгилей кетсек, аталган жактар Кыргызстанда ишмердик жүргүзгөн корей компаниялары үчүн ортомчулук кызмат көрсөтүп, бирок аны жеке пайда көрүү кызыкчылыктары үчүн жүргүзүшөт. Бул иштерге мен тараптан бөгөт коюлган, ошол себептен коомчулукта терс пикир жаратуу максатында менин жана элчиликтин ишин каралоо жана жалган маалымат таркатуу боюнча комплекстүү кампания жүргүзүп жатышат», — дейт Аида Исмаилова.

Количество просмотров: 260