29-декабрда саат 9:07де Сеулга жакын жердеги Муан аэропортунда кыйраган учактагы 181 адамдын ичинен эки аял тирүү калды. Бири жүргүнчү, экинчиси экипаждын мүчөсү. Экөө тең Мокихо шаарындагы ооруканага жеткирилген.
Yonhap агенттигинин маалыматына караганда, жергиликтүү убакыт менен саат 13:30га (Кыргызстанда 10:30) карата 85 адамдын каза тапканы расмий тастыкталды. Калгандарынын тек-жайы такталууда.
Учакта 175 жүргүнчү, экипаждын алты мүчөсү болгон.
Куткаруучулар дайынсыз болуп жаткан адамдар да каза болушу ыктымалдыгын, учурда сөөктөрдү издөө иштери жүрүп жатканын билдиришкени кабарланды.
Jeju Air аба компаниясына таандык Boeing 737-800 жүргүнчү учагы Бангкокдон учуп чыккан. Сеулдан 288 чакырым аралыктагы Муан аэропортуна конордо конуу тилкесинен чыгып кетип, кашаага урунган.
Маалыматтарга ылайык, 173 жүргүнчү Түштүк Кореянын, эки адам Тайланддын жарандары болгон.
Кыйроонун себеби азырынча белгисиз. Баштапкы маалыматтарга караганда, учак канаттуулар менен кагылышуудан улам башкаруусун жоготкон болушу ыктымал. Yonhap агенттиги ушул себептен улам учактын дөңгөлөктөрүн — шассини башкаруу системасы иштебей калганын маалымдады.
Булак: Азаттык.