• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль камакка алынды

15 Үчтүн айы 202511:54 Бишкек Govori.TV

Кызматтан убактылуу четтетилген Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль камакка алынды. Бул тууралуу Yonhap маалымат агенттиги билдирди. Юн Сок Ёль кан төгүүнү алдын алуу үчүн суракка барууга өз каалоосу менен макул болгонун айтты.

Бул Түштүк Кореянын тарыхында иштеп жаткан президенттин ыйгарым укуктары убактылуу токтотулуп, камакка алынган биринчи учур.

Мындан 12 күн мурун тергөөчүлөр Юн Сок Ёлду резиденциясынан суракка алып кете албай коюшкан. Анда кызматынан убактылуу четтетилген президенттин тарапташтары мүмкүнчүлүк берген эмес.

Юн Сок Ёль бул жолу камакка алынар алдында кыска видеокайрылуу жарыялап, өзүнүн камакка алынышын дагы деле мыйзамсыз деп эсептей турганын, бирок кан төгүүнү алдын алуу үчүн тергөөчүлөр менен полицияга баш ийүүнү чечкенин билдирди.

2024-жылы 14-декабрда Түштүк Кореянын парламентиндеги 300 депутаттын 200дөн көбү Юн Сок Ёлго импичмент жарыялоону колдогон. Буга анын 3-декабрда күтүүсүз аскердик абал жарыялашы түрткү болду. Юн Сок Ёлго өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 140