31-майда борбор калаада курулуп жаткан социалдык объектилерге пресс-тур өткөрүлүүдө. Журналисттер республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан мектеп жана бала бакчанын курулуш этаптары менен таанышууда.
Алгачкы объект Бишкектин түндүк тарабындагы, Биринчи май районундагы Ак-Босого конушундагы мектеп болду.