• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Түз эфир: Ак үйдүн алдында митинг өтүп жатат

15 Кулжа 202210:23 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-июнда Ак үйдүн алдында нааразычылык акциясы өтүп жатат. Чогулгандар «Эркин айым — өнүккөн өлкө», «Атазов мандатыңды тапшыр!» деген жазууларды кармап турушат. Акциянын катышуучулары Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун парламент жыйынында айткан сунушуна каршы пикирин билдиришүүдө.

Белгилей кетсек, депутат Шайлообек Атазов 9-июнда өткөн маалымат жыйында жаш кыздардын чет өлкөгө мигрант болуп кетишине чек коюуну сунуштаган.

«Мигранттарыбызда аябай маселе көп. 18-20 жаштагы кыздарыбызды чет өлкөгө ата-энелери менен чыгарсак. Болбосо турмушка чыккандан кийин барышса. Миграция тармагы боюнча тийиштүү органдар комитетке келип маалымат берсин», — деди Атазов.

Атазовдун мындай сунушу социалдык тармактарда талкууга жем таштады.

Количество просмотров: 114