• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түз эфир: Армияга жазгы чакыруу башталды

7 Жалган куран 2023 11:03 Бишкек Govori.TV

2023-жылдын март-май айларында Куралдуу Күчтөрдүн катарынан запаска бошотуу жана кезектеги чакыруу жөнүндөгү Жарлыгын аткаруу үчүн» үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан тартып КР аймагында «Жазгы чакыруу» өнөктүгү башталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Чакыруу башкармалыгынын башчысы Сардарбек Каипов билдирди.

«Жазгы чакыруу кампаниясынын алкагында бүткүл республика боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана аскер комиссариаттары тарабынан чакырылуучулардын аскердик жана альтернативдик кызматка жарактуулугу/жараксыздыгы боюнча ар тараптуу текшерүүдөн өткөрүлдү.  Республиканын чогултуу пункттарында белгиленген график боюнча чакырылуучуларды салтанаттуу узатуу иш-чаралары өткөрүлөт, алар андан ары мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн жерге жөнөтүлөт. Аскерге чакырылуучулар Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, юстиция министрлигинин жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын кошуундарында жана бөлүктөрүндө кызмат өтөшөт»,-деди ал.

Количество просмотров: 112