Бишкек.03.07.2019.Govori.TV.
Бишкектеги «Медиа Форум» имаратынын алдында 3-июлда «Соке болбой калды» аттуу тынчтык митинг өтүп жатат. Cаат 16:00дө башталары айтылган жыйынды мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлери өткөрүп жатышат. Ага Атамбаев өзү да катышары айтылган. Андан тышкары митингге Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Анвар Артыков Карамат Орозова келгенин билдирди.
Уюштуруучулар митингде бийликке «Эски элита кетип, жаңы элдик лидерлер келсин!» деген чакырык ташташарын айтышкан.