Бүгүн, 20-майда Ататүрк паркындагы үйлөрдүн жана жер тилкелердин ээлери чогулуп, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.
Чогулгандар эс алуу багындагы тилкени мыйзамдуу сатып алганын айтышып, эгер үйлөр бузулса, анда алардын менчик укугу бузуларын билдирип жатышат.
Буга чейин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев калаанын мамлекеттик администрациясынын «СССРдин 50 жылдыгы» сейил багынын аймактарын сейил бактардын жана эс алуу зоналарынын шаардык бирикмесине утурумдук күтүү жана көрктөндүрүү үчүн пайдаланууга берүү жөнүндө» 1992-жыл, 25-июндагы № 225 токтому менен бекитилген, Мустафа Кемал Ататүрк атындагы аянты 107 гектарды түзгөн сейил бактын чек араларын бекитүү боюнча токтомго кол койгон.
Жаңы токтомго ылайык, мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер паркка кайтарылышы керек. Мэрия парктын аймагында мыйзамсыз курулган кыймылсыз мүлктү тазалоо маселесинде муниципалитет Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде гана иш алып барарын билдирип, андагы үй ээлерине 30 күн убакыт берилген.
Ушу тапта сейил бакта мыйзамсыз курулган 198 объект бар деп эсептелген.
Парктын аймагындагы объектилерди бузуу иштери 20-майга пландаштырылган.