Бүгүн Бишкектин троллейбустар башкармалыгында жыйын өтүп анда жол кире акысын карта менен гана кабыл алуу маселеси талкууланды. Жыйын учурунда белгилүү болгондой 1-июлдан тарта автобус троллейбустарда накталай акча кабыл алынбайт.
«Баары эле 1-июлда толук өтүп кетет дегенден алыспыз. Андыктан биз ага даярдыкты буга чейин эле көрүп баштаганбыз. Айдоочулар 1-июлжан тарта толук электрондук төлөм системасына өткөндүктөн бир гана унааны башкаруу менен алек болот», — деди троллейбус башкармалыгынын башчысы Талант Капаров.
Ал эми айдоочулар өз сунуш-пикирлерин да айтышты. Алар толук электрондук төлөм системасына өтүүгө убакыт көбүрөөк керек болчу дешүүдө.
«Бизде ар түрдүү жарандар коомдук унаага түшөт. Айылдан келгени бар, анда-санда троллейбуска түшкөндөр бар, мисалы алар акча сунса эмне кылабыз… Эгер акчасын албай түртүп түшүрүп койсок, биз өз пайдабызга тескери иштеп калабыз»,-дейт айдоочу.