• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Түз эфир: Билим берүү министи И. Исаковдун брифинги

3 Чын куран 2020 9:10 Бишкек Govori.TV

Опубликовано Кыргыз Өкмөтү Четверг, 2 апреля 2020 г.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков бүгүнкү кырдаалды эске алуу менен үзгүлтүксүз окуу процессин камсыз кылуу боюнча тиешелүү аракеттер планы иштелип чыкканын, 8-апрелден тарта өлкөнүн бардык билим берүү мекемелери аралыктан окутуу ыкмасына өткөрүлөрүн маалымдады.

Аталган план боюнча 210 мугалим тартылып, телесабактарды өткөрүү каралган. Сабактардын жадыбалы иштелип чыгып, 1-4-класстар үчүн видео-сабактар КТРКнын «Баластан» каналына, 5-11-класстар үчүн ЭЛТР, «Пирамида», «5-канал», «Санат ТВ» каналдарына жайгаштырылат.

Ошондой эле 1-11-класстар үчүн окуу материалдарды, электрондук китептерди, кошумча адабияттарды, тапшырмалар менен видео-сабактарды жайгаштыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Мындан тышкары, ар кандай тематикадагы 400дөй окуу материалы электрондук форматка өткөрүлгөн. Муну менен катар окуучулардын «iBilim» (башталгыч класстар үчүн) жана «Билим булагы» мультимедиялык комплекстерин пайдаланууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

Өлкөнүн кесиптик-техникалык окуу жайлары менен ЖОЖдору дагы аралыктан окутулат.

Министр маалымдагандай, Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) катталуунун мөөнөтү жылдырылган. Бүтүрүүчүлөрдүн ЖРТга даярдануусу үчүн материалдар менен видео-сабактар да онлайн-ресурстарда бар. Ошондой эле 9- жана 11-класстардын окуучулары үчүн дистанттык экзамен тапшыруу мүмкүнчүлүгү каралып жатат.

Количество просмотров: 117