Активисттер “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы «#Reакция 3.0» деп аталган нааразылык акциясына чогулушту.
“Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбооруна каршы уюштурулган акциянын катышуучулары «Эркиндик» сейил багына топтолушту. Алар «Гүлшат, мандатты тапшыр!», «Фейк депутат» деген жазууларды көтөрүп турушат. Алар аталган сейил бактан тартып парламент имаратынын алдына чейин жөө жүрүш уюштурууну көздөп жатышат.
Башкы максат — президентти мыйзамга кол койбоого чакыруу