Кримтөбөл Камчы Көлбаев Бишкектеги кармоо операциясынын жүрүшүндө жок кылынды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-октябрда Бишкектеги Учкун басмаканасынын жанындагы Blonder pub эс алуу жайында кримтөбөлдү кармоо операциясы жүргөн.
УКМК тараткан маалыматка ылайык, операциянын жүрүшүндө Көлбаев жана анын жансакчылары күч органдарына ок аткан. Натыйжада Көлбаев жана анын жансакчысы жок кылынган.
Ал эми учурда Бишкектеги өлуккананын алдына Көлбаевдин жакындары чогулганы айтылды.