• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Түз эфир: Cалык салуу мыйзамына кирген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрмө

5 Чын куран 2023 11:11 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Бул Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын Президентинин “Чакан ишкердик субъекттерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө”, “Чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо жөнүндө” Жарлыктарын ишке ашыруу болуп саналат.

Тактап айтканда, Мыйзам таза атаандаштык үчүн шарттарды түзүү жана экономиканын көмүскө бөлүгүн кыскартууга багытталган ченемдерди белгилейт.

Бүгүн Кабар агенттигинде маалымат жыйын өтүп, анда кол коюулган жогорудагы мыйзам актылары боюнча маалымат берилүүдө.

Количество просмотров: 78