Жогорку Кеңеш 17-майда чукул жыйынга чогулуп, Кумтөрдүн айланасындагы соңку жагдайды талкуулаганы жатат. Анда кенге байланыштуу түзүлгөн мамлекеттик комиссия маалымат берет.
Күн тартибинде депутаттар жыйында «Кумтөр» жана чек ара маселесин кароо тууралуу маселелер бар.
12-майда бул комиссиянын отурумунда анын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров ишкана Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде иштөөсү керек экенин белгилеп, жалпысынан «Кумтөр Голд» 4 миллиард 252 миллион 800 миң доллар төлөөгө милдеттүү экенин билдирген. Жапаровдун айтымында, мунун 3 миллиард 86 миллиону келтирилген экологиялык зыянга байланыштуу айып пул, 1 миллиард 166 миллиону төлөнбөй калган салык.