Бүгүн, 21-майда Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бактыбек Мамытовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо, кесиптештери, жакындары, маданият ишмерелери катышууда.
Белгилүү алып баруучу, кыргыз телевидениесинин жылдызы Бактыбек Мамытов 20-майда 72 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Мамытов 1950-жылы 3-мартта Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында туулган. Мектепти аяктаган соң улуттук университеттин филология факультетине тапшырган. Ал эми дикторлукка кокусунан келип калып, 1973-жылдардан тартып бул кесипти аркалай баштаган.