Бүгүн, 15-февралда Бишкекте Нарынбек Идиновду (Нарын Айып) акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Белгилүү журналист менен коштошууга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, ЖК депутаттары, өкмөттүн мурдагы башчысы Акылбек Жапаров баштаган саясий жана коомдук ишмерлер, кесиптештери жана жакындары келишти.
Идинов Нарынбек Айыпович 13-февралда 72 жашында каза болду.
Нарын Айып 1952-жылдын 6-ноябрында Нарын облусунун Жумгал районунда туулуп, 1969-жылы Бишкектеги № 44 орто мектепти аяктаган.
1974-жылы Кыргыз улуттук университетинин физика факультетин артыкчылык менен бүтүрүп, жогорку билимге ээ болгон. Дипломдук ишин Новосибирск мамлекеттик университетинде жактаган.
1975–1976-жылдары Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде стажировкадан өтүп, андан соң Кыргыз улуттук университетинде окутуучу болуп иштеп, эмгек жолун баштаган.
1977–1980-жылдары Н.Н. Семёнов атындагы СССР Илимдер академиясынын аспирантурасында окуган.
1990-жылы Москвада “Мүрөк” аттуу көзкарандысыз кыргыз жана орус тилдүү гезитти негиздеп, эки жыл анын башкы редактору болгон.
1993-жылдан тартып “Эркин Европа/Азаттык” радиосунда иштеп, Мюнхендеги жана Прагадагы кеңселеринде иштеп катардагы редакторлуктан башкы редакторлукка чейин жеткен.
2003–2007-жылдары “Kyrgyz Weekly” аттуу көзкарандысыз электрондук бюллетенди орус жана англис тилдеринде чыгарып турган.
2008-жылы Бишкекке кайтып келип, “Кабар” Улуттук маалымат агенттигин жетектеген, андан соң Коомдук телерадиоберүү корпорациясында, НТС телеканалдарында жана “Вечерний Бишкек” гезитинде саясий маселелер боюнча башкы-редактор болуп иштеген.
2015-жылы “ПроМедиа” коомдук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири болуп, Zanoza.kg сайтын ишке киргизген. 2017-жылы болгон сот иштери аяктаган соң, NarynAiyp.com өздүк ресурсун негиздеген. 2018-жылдан тарта Бишкектеги “Бешинчи каналдан” кыргыз жана орус тилдеринде программаларды алып барган.
Акыркы жылдары Нарын Айып “Кожомкул” жана “Эсимде” аттуу эки кино-роман жазып, алар жогорку сапаты жана илимий тили менен бааланган. Ошондой эле, Кыргызстан тарыхы жана маданияты боюнча аналитикалык макалаларды Массалык маалымат каражаттарында байма-бай жарыялап турган. Өзгөчө өлкөнүн интеллектуалдык жана маданий турмушуна жигердүү катышып, кыргыз адабияты менен журналистиканы өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон.
Нарын Айып акыркы убакта “Жетинчи канал” телеканалында иштеп жаткан.