• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Белгилүү диктор Бактыбек Мамытов каза болду

20 Бугу 2022 13:09 Бишкек Govori.TV

Белгилүү алып баруучу, кыргыз телевидениесинин жылдызы Бактыбек Мамытов 20-майда 72 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Мамытов 1950-жылы 3-мартта Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында туулган. Мектепти аяктаган соң улуттук университеттин филология факультетине тапшырган. Ал эми дикторлукка кокусунан келип калып, 1973-жылдардан тартып бул кесипти аркалай баштаган.

Govori.TVнын эмгек жааматы диктордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Количество просмотров: 10591