10-мартта Бишкектин коммерциялык банктарында 1 долларды сатып алуу 72,90 сом, сатуу 73 сом болуп жатканы маалым болду.
Буга чейин доллар тартыш болуп жаткандыктан, Бишкекте банктарда доллар сатылбай жаткандыгы айтылган. Эртең мененки маалымат боюнча 1 АКШ доллары 69,85 сомдон сатып алынып кайра 69,95 сомдон сатылган болчу.
Эске салсак, буга чейин Бишкекте коммерциялык банктарда долларга болгон талап күчөп, орус рублинин куну төмөндөп кеткени айтылган.
Буга мунайдын дүйнөлүк баасынын ылдыйлашы Россиянын аталган продукцияны өндүрүүнүн көлөмүн азайтуудан баш тартпаганы себеп болгон.
9-мартка карата Бишкектеги акча алмаштыруу жайларында жана коммерциялык банктарда 1 орус рубли 93 тыйындан сатылып, 96 тыйынга сатып алынууда.