Бүгүн, 9-февралда Kaktus.media сайтынын редакциясынын алдында митинг өтүп жатат. Чогулгандар Kaktus.media сайтын жоопко тартуу керек дешүүдө. Митингге мурдагы депутат Турсунбай Бакир уулу баш болгон бир нече жарандар чогулган.
Эске салсак, кечээ айрым журналисттерге «чет өлкөнүн агенти» деген макам берүү керек деген сунуш айтылган маалымат жыйын өткөн, аны мурдагы депутат Турсунбай Бакир уулу каржылаганы да маалымдалган.