• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түз эфир: Kaktus.media сайтынын кеңсесинин алдында нааразычылык акциясы өтүп жатат

28 Үчтүн айы 202214:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-январда Kaktus.media басылмасынын кеңсесинин алдына өздөрүн жарандык активист деп атаган жарандар митингге чыгышты. Алардын айрымдары басылманы бир тараптуу маалымат таратууга айыпташты.

«Kaktus.media бири тараптуу маалымат берип жатат. Басылма 27-январда Asia Plus, Исфара мэриясынын айткан сөздөрүн жарыялады. Алардыкын жазса дагы кыргыз тарап маалыматты четке какты деген расмий маалыматты кошуп жазышы керек болчу», — деди митингге чыккандардын бири Элбек Хабибуллаев.

Белгилей кетсек, 27-январда Kaktus.media сайты тажик тараптын версиясы тууралуу маалымат чыгарган. Мындан көп өтпөй, социалдык тармактагы айрым колдонуучулар жарыяланган маалымат боюнча терс пикирлерин айтышып, редакция туура эмес маалымат таратып жатат деп айыпташты.

Ошондой эле интернетте «мунун илеби менен башка көз карандысыз ММКларды жок кылалы» деген пикирлер айтылып жатат. Муну айрымдар чагымчылдык катары мүнөздөп, басым катары баалашууда.

Ал эми Kaktus.media сайтын маалыматтын жарыяланышы боюнча түшүндүрмө берди. Маалыматта айтылгандай, 27-январда Kaktus.media сайтында ASIA-Plus тажик редакциясынын Кыргызстан менен чек арадагы кырдаал тууралуу маалыматын жарыяланган.

«Бул кабардын бирден-бир максаты – кыргыз коомуна тажик тарап кандай маалыматтык саясат жүргүзүп жатканын, бийлиги Тажикстандын карапайым жарандарына окуялардын кандай версиясын айтып жатканын көрсөтүү болгон. Бирок, тилекке каршы, бул идея так айтылган эмес, ошондуктан кээ бир окурмандар бул текстти Kaktus.mediaнын материалы катары кабыл алып алышкан. Редакция так эместиктер үчүн кечирим сурайт. Kaktus.media сайтынын редакциясы кыргыз элинин улуттук кызыкчылыгын дайыма бекем карманып келген», — деп айтылат редакция тараткан маалыматта.

Количество просмотров: 124