Чүй облусунун аймагындагы Сокулук районунун айрым тургундары өкмөттөн жерди трансформациялоону талап кылышты. Бүгүн өкмөт үйүнүн алдында уюштурулган митингге отуздан ашуун киши катышты.
«2007-жылы Новопавловка айыл өкмөтүнүн чечими менен Сокулук районунан жер тилкелерди сатып алганбыз. Ал эми 2008-жылы кызыл китеп берилген. Бирок 2007-жылы биздин жер тилкелерибизге чыккан 441-токтомду күйүп кетти деген жүйө менен калыбына келтирбей жатышат. Ал эми «Акыйкат айым» фонду ошол токтомду негиз кылып, 152 түтүндү сотко берип, жерибизди талашып жатат»,-деп билдиришти акциянын катышуучулары.
Нааразычылык акцияга чыккандарга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов чыгып жолугуп, алардын маселелерин чечүү тапшырмасын тийиштүү адистерге тапшырганын айтып, тарап кетүүгө чакырды.