• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бир нече имарат тарыхый эстелик макамынан ажыратылды

6 Теке 202513:51 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинети Бишкектеги бир катар эски имараттардын архитектуралык тарыхый эстелик макамын алуу тууралуу токтом чыгарды. Өкмөт башчы Адылбек Касмалиев 2-июлда кол койгон документ “Эркин-Тоо” гезитине 4-июлда жарыяланды.

Алар: учурда «Кабар» мамлекеттик агенттиги орун алган, 1940-жылы курулган имарат; азыркы Жогорку сот жайгашкан, 1936-жылы курулган имарат жана 1955-жылы курулуп, 1965-жылы реконструкцияланган, учурда Тышкы иштер министрлиги жана Экономика министрлиги жайгашкан имарат. Бул мурдараак өкмөт үйүнүн, ага чейин Жогорку Кеңештин имараты болуп турган.

Булардын баары мурда архитектуралык жана тарыхый мурас катары мамлекеттин коргоосунда турган.

Март айынын башында Президенттин иш башкармалыгы шаардын чок ортосундагы өкмөт үйү, Жогорку сот жана башка мекемелер жайгашкан 15 имаратты аталган тизмеден чыгарууну сунуштаганы белгилүү болгон жана бул талаш-талкуу жараткан.

Количество просмотров: 161