Бүгүн, 2-декабрда Конституциялык палата «Реформа» партиясынын парламент 22-октябрда кабыл алган «Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө мыйзамга каршы кайрылган арызын карап жатат.
Govori. TV түз эфир аркылуу отурумду чагылдырууда.
«Реформа» партиясы парламент 22-октябрда кабыл алган «Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө мыйзамга каршы Конституциялык палатага кайрылган. Конституциялык палата кайрылууну кабыл алып, аны кароого даярдык жүрүп жатканын маалымдаган.
22-октябрда Жогорку Кеңеште Конституцияны өзгөртүү жана президенттик, парламенттик шайлоолордун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө мыйзам долбоору жыйынга катышкан 84 депутаттын 83үнүн макулдугу менен дароо үч окууда кабыл алынган. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна ушул күнү келип түшкөн.