Бүгүн, 15-июлда 2 жыл бою айылдаштары тарабынан зордукталган 13 жашар майыптыгы бар кыздын иши боюнча Жогорку сотто маалымат жыйын өтүп жатат.
Буга чейин «Балдардын укугун коргоо лигасынын» жетекчиси Назгүл Турдубекова майыптыгы бар өспүрүм кызды зордуктоо иши боюнча айыпталып жаткан эки киши айып пул төлөп абактан бошотулганын айтып чыккан. Ал сот иши узак убакытка создуктурулганын да белгилеген.
Окуя 2013-жылы катталган. Жабырлануучу тарап 2015-жылы арыз менен кайрылган.