• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Эмне үчүн Садыр Жапаров жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрбөйт?

18 Бештин айы 2023 18:30 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров быйыл да жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйын өткөрбөйт. Мунун себебин мамлекет башчы «Кабар» агенттигине берген кыскача маегинде түшүндүрүп берди.

«Негизи эле Курултайдан өткөн маалымат жыйын барбы? Келиңиз мунун чын-бышыгын ортого салып, салмактап көрөлү. Маселен, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү көбүнесе интрига жаратуучу суроолорду берүүгө ыкташат экен. Албетте, мен бул жерде бардык журналисттер деп айтуудан алысмын. Өз ишин билген мыкты журналисттерибиз да бар. Бирок маалымат жыйынга келгенде эле бир топ ЖМК өкүлдөрү жалаң тар чөйрөнү гана кызыктырган суроолорду беришет. Ал эми өлкөнүн келечеги, мамлекеттин өнүгүшү, экономиканын өсүшү, элеттеги көйгөйлөр тууралуу суроолор жокко эсе. Ошентип, маалымат жыйынынын басымдуу бөлүгү такталбай айтылган сөздөрдү териштирүү менен өтөт экен», — дейт президент.

Садыр Жапаровдун айтымында, башында мурдагы мамлекет башчыларындай болуп, журналисттерди чогултуп, маалымат жыйын өткөрүптүр, бирок 3 саат бою такталбаган маалыматтарды териштирүү менен отуруп, өзүнүн да, журналисттердин да убактысы текке кетти.

«Муну азыр деле архивдерди көтөрүп карап көрсөңүздөр болот. Жалпысынан “тигил тууралуу мындай деген кептер айтылууда, бул жөнүндө ушундай сөз болууда, сиз кандай дейсиз” деген эле суроолор. Ошондон кийин маалымат жыйынга убакыт короткондун ордуна, коомубузду кызыктырган, резонанс жараткан окуялар боюнча журналисттердин убактысын коротпой эле алдын ала жооп берүүгө аракет кылып келебиз. Буга менин да, журналисттердин да атайын убактысын бөлүүнүн кажети жок болуп калат», — дейт президент.

Анын айтмында, Курултай болсо Конституцияда белгиленген. Ар жылы шайланып келген делегаттарга маалымат берилип келет.

«Мына ошол жерде өлкөдө эмне иштер жасалып жатат, эмнелер пландалууда баарын камтууга аракет кылам. 2 жылдан бери өзүңүздөр күбө болуп келаткандай, эки күн бою айтылган бардык суроолордон кийин, жыйынтыгында кенен-кесири жооп берип жатабыз. Ошол жерден журналисттер кызыктырган суроолоруна жооп ала алат деп ойлойм. Ошол жетиштүү деп эсептейм. Ар жылы жылдын аягында Курултай чогултуп, элдин пикирин угуп, элди түйшөлткөн, коомчулукту кызыктырган маселелердин чечилиши тууралуу ойлорубузду, иштерибизди ортого салабыз. Эл шайлаган делегаттарга түз жооп берет экенбиз, бул эми жакшы көрүнүш го дейм. Чынында эле депутаттар же аким, губернаторлор кабар ала албай калган жагдайлар болот экен. Курултайда андай көйгөйлүү маселелерди өлкөнүн булуң-бурчунан шайланып келген делегаттар бийликтин алдына түз коюшат жана түз жооп алып жатышат. Бул жакшы иш да акыры», — дейт Жапаров.

Количество просмотров: 114