УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев жакында журналисттер үчүн чоң маалымат жыйын уюштурат. Бул тууралуу журналист Нургазы Анаркуловкулов билдирди.
Белгилей кетсек, 10-февраль күнү күтүүсүз кызматтан алынган Камчыбек Ташиев бүгүн, 13-февралда таңкы саат 3төрдө Кыргызстанга кайтып келген.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан тышкары анын орун басарлары да иштен алынды.
11-февралда Ташиев Германиянын Мүнхен шаарында дарыланып жүргөндө аны кызматтан алуу боюнча Жапаровдун чечими «өтө күтүүсүз болгонун» билдирген.