Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары бүгүн, 28-сентябрда жыйынга чогулду.
Күн тартибинде Бишкек шаарындагы коомдук транспорттун жол кире акысы жөнүндө маселе каралат. Мэрия шаардык кеңешке маршруттук таксиге жол кирени 10 сомдон 15 сомго, автобус-троллейбустардыкын 8 сомдон 11 сомго көтөрүү боюнча токтом долбоорун киргизген.
Бүгүнкү күндө Бишкекте автобус, тероллейбустардын жол кире акысы 8 сом, маршруттук таксилердики 10 сом.
Белгилей кетсек, Бишкектк коомдук транспорттун тарифи акыркы жолу 2012-жылы көтөрүлгөн. 2021-жылы июнь айынын башында маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылып, иш таштаган.