Бүгүн, 10-апрелден баштап мектептерге электрондук каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Алымбаева билдирди.
Анын айтымында, электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт.
«Биринчи этап — юридикалык жашаган жери боюнча 25-июнга чейин, экинчи этап — жашаган жерине карабастан 26-июндан баштап 31-августка чейин жүрөт. Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. https://mektep.edu.gov.kg/ порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл»,-деди ал.
Кошумчалагандай, быйыл 1-класска 2016-жылы төрөлгөн балдар барат. Каттоого 2016-жылы төрөлгөн балдар турууга тийиш.