Бүгүн, 7-январда Жогорку Кеңеш Казакстанга аскер кызматкерлерин жөнөтүү маселеси боюнча чукул жыйынга чогулду.
49 депутат каттоодон өтүп, коңшу Казакстандагы кырдаалды, анын ичинде Казакстанга аскер кызматкерлерин жөнөтүү маселесин талкуулап жатышат.
Ал ортодо Ак үйдүн алдында кыргыз аскерлеринин Казакстанга жөнөтүлүшүнө каршы митинг бүгүн дагы уланды.
Кечээ, 6-январда кворум жоктугуна байланыштуу Жогорку Кеңештин жыйыны өтпөй калган.