• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Түз эфир: Парламент жыйынга чогулду

18 Үчтүн айы 2023 10:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-январда парламент кезектеги жыйынга чогулду.

 Жогорку Кеңештин жыйналышынын күн тартиби төмөндө:

1. “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 28.06.2022деги кир.№ 6-13983/22) (Социалдык саясат боюнча комитет)

2. “Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 18.11.2022деги кир. № 6-23115/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

3. “Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 23.08.22деги кир. № 6-16796/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

4. “Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Атамбаев С.А., Акаев Ж.К., Абиров Ж.Б., 30.06.2022деги кир. № 6-14532/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

5. “Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Толонов Д.Э., Атажанов Ы.Ы., Алтынбеков А., Акаев Ж.К., Султанбекова Ч.А., Сатыбалдиев Э.Р., 22.12.2022деги кир. № 6-25714/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

6. “Баа түзүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 13.05.22деги кир. № 6-9000/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет)

7. “Бааларды мамлекеттик жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 28.04.22деги кир. № 6-8284/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет)

8. “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 18.11.22деги кир. № 6-23121/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

9. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 28.09.2022деги кир.№ 6-19218/22) (Социалдык саясат боюнча комитет, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет)

10. “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жана тил саясатынын маселелери жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Социалдык саясат боюнча комитет)

Количество просмотров: 73