• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Түз эфир: Пенсия көбөйөт. Кимге, канча кошулат?

15 Аяк оона 2023 11:07 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта пенсия 38% , 500 сомдон кем эмес өлчөмүндө көбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Алиевдин айтымында, ага 3,9 миллиард сом каралды.

«Көбөйгөндөн кийинки пенсиянын орточо өлчөмү 9354 сомду түзүп, азыркыга салыштырмалуу орточо эсеп менен 1692 сомго жогорулайт. Ал эми так жогорулатуу ар бир пенсионердин пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүнө жараша болот. Пенсияны токтоосуз төлөп берүүгө каражат бар «,-деди ал.

Пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү 30 миң сомдон ашкан жарандарга канча акча кошулары учурда эсептелип жатканы кошумчаланды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 762 миң пенсионер бар.

Количество просмотров: 2372